• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн Мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү

Коом 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин кабыл алынганына 25 жыл толду.

Ал 1994-жылы 14-январда Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. Анын авторлору - Асейин Абдраев жана Садырбек Дубанаев.

Гербде канаттары жайылган Манастын ак шумкары чагылдырылган. Ал өлкөнүн эркиндигинин символу. Ошондой эле гербде Кыргызстандын бермети Ысык-Көл чагылдырылып, аны Ала-Тоонун бийик тоолору курчап турат. Ал тоолордун чокулары кыргыз элинин ак калпагын элестетет.

Пикир

Оставить комментарий