Бүгүн мугалимдерге долбоордун негизинде окутуу усулун тааныштырган вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда саат 17:00дө Онлайн университетинин педагогика лабораториясы “Долбоордун негизинде окутуу усулу: колдонуу боюнча практикалык сунуштар” аттуу вебинар өткөрөт. Бул тууралуу вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинарда окуу процессинде окуучуларга жана студенттерге долбоор үстүндө иштеткен окутуу усулунун (project-based learning) артыкчылыгы жана өзгөчөлүгү, аталган окутуу усулунун фронталдык сабактан айырмасы жана аны болочок инженерлерди даярдоо боюнча окуу пландарына интеграциялоо тууралуу маселелер талкууланат.

Вебинардын спикери Германиянын Дрезден техникалык университетинин педагогика факультетиндеги тамак-аш, тамактануу жана үй экономикасынын кесиптик билим берүү бөлүмүндө профессордун милдетин аткаруучу, доктор (PhD) Жамила Насировна Сманалиева болот.

“Долбоордун негизинде окутуу бул студентти мотивациялоочу, реалдуу проблемаларды чечүүгө, долбоордук тапшырманы аткарууга багытталган окутуу усулу. Бул окутуу усулу студенттерди өз алдынча иштөөгө да, командада иштөөгө да, чечим кабыл алууга да, презентация жасоого да жана отчет жазууга да үйрөтөт”, - дейт Сманалиева.

Белгилей кетсек, Ж.Сманалиева 2004-2007-жылдары XXI кылымдын кадрлары программасынын алкагында Германиядагы Берлин техникалык университетинин тамак-аш химиясы жана технологиясы институтунда тамак-аш реологиясы багытындагы докторлук (PhD) диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Ошондой эле 2008-2018-жылдары Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин инженердик факультетинин тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн доценти болуп иштеген. Буга чейин Жамила Сманалиева Кыргызстанда өндүрүлгөн балдын сапатын жана бал өндүрүшүнүн көлөмүн изилдеп, “Балды кайра иштетүү технологиясы” боюнча китебин жазган.

Ошондой эле ал эл аралык Science Citation Index (SCI) категориясына катталган абройлуу илимий журналдарга сегиз, РИНЦ маалымат базасына кирген журналдарга алты илимий макаласын жарыялаган. Мындан тышкары ал тамак-аш инженериясы боюнча бир китептин бөлүмүнүн жана студенттерге арналган үч окуу-методикалык көрсөтмөнүн автору.

Конференциянын идентификациясы: 968 5141 8823
Паролу: 403478

Пикир

Оставить комментарий