• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн мыйзам бузуу боюнча 34 кайрылуу түшүп, анын жарымы боюнча чечим кабыл алынды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо маалында мыйзам бузуу боюнча 34 кайрылуу түштү. Бул тууралуу маалымат жыйында Боршайкомдун төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна келген кайрылуулардын ичинен 13ү добуш сатып алуу (Бишкекте 9, Ошто 3, Токмокто бир), жетөө шайлоочуларды ташуу (Бишкекте 5, Ошто бир, Токмокто бир), бешөө үгүт иштеринин бузулушу (Бишкекте 3, Ошто 2), тогузу башка бузуулар.

“Кайрылуулардын 17си боюнча ИИМ тарабынан чечим кабыл алынды. Калгандары учурда каралып жатат. Түнкү саат 12ге чейин чечим чыгат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий