• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Новосибирск шаарынан 176 кыргызстандык учуп келет

Коом 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Бүгүн Новосибирск (Россия Федерациясы) шаарынан 176 кыргызстандык учуп келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында өткөн Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Кубатбек Боронов баса белгилегендей, тармактык мамлекеттик органдар Россия Федерациясынан жана Түркиядан мекендештерибиздин жакын арада келишине толук даярдык көрүүлөрү керек.

Маалыматка ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрү тарабынан жетишилген макулдашуулардын натыйжасында 24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик каттамын ишке ашыруу пландалууда.

"350 кыргызстандыктын келиши күтүлүп жатат. Алардын бардыгы Бишкектин обсервациялык жайларына жайгаштырыла", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бороновдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана бир катар кызматтардын ишмердүүлүгү боюнча учурдагы маселелер талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууга, саламаттык сактоо мекемелерин тийиштүү дары-дармектер жана жабдуулар менен камсыздоого, ошондой эле байланышта болгон адамдар менен иштешүүнү сапаттуу жүргүзүүгө көзөмөл жасоо тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий