• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн окуу жайга тапшыруунун биринчи туру башталат

Коом 0

Бишкек, 08.07.19 /Кабар/. Бүгүн өлкөнүн окуу жайларына тапшыруунун биринчи туру башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

I тур

8-10-июль – талондорду таштоо;

10-июлда саат 14:00дө талондорду таштоо аяктайт;

11-июлда саат 10:00гө чейин сынакка өткөрүлгөн абитуриенттердин тизмеси илинет;

11-13-июль күндөрү жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн документтер кабыл алынат.

II тур

15-17-июль – талондорду таштоо;

17-июлда саат 14:00дө талондорду таштоо аяктайт;

18-июлда саат 10:00гө чейин сынакка өткөрүлгөн абитуриенттердин тизмеси илинет;

18-20-июль күндөрү жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн документтер кабыл алынат.

III тур (Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өтөт)

22-24-июль — талондорду таштоо;

24-июлда саат 14:00дө талондорду таштоо аяктайт;

25-июлда саат 10:00гө чейин сынакка өткөрүлгөн абитуриенттердин тизмеси илинет;

25-27-июлда жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн документтер кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий