• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүн Ош шаардык милициясынын жыл мыктылары сыйланды

Коом 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 20-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгында жылдын мыкты кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков катышты.

"Жыйында негизинен үч маселе каралды. Алар Ош шаардык милициясынын жыл мыктыларын сыйлоо, башкармалыктын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү жана 2020-жылы аткарылуучу иш-чараларды талкуулоо", - деп айтылат маалыматта.

Милициянын мыктылары атайын лента, диплом жана акчалай сыйлыктарды алышты.

Пикир

Оставить комментарий