• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Ош шаарындагы базарлар иштебейт

Аймак 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-июнда Ош шаарындагы базарлар иштебейт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Мэриянын маалыматына таянсак, дүйшөмбү күндөрү дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери өлкөнүн бардык аймагында күн сайын аткарылып келүүдө.

Дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге: дүкөн, банк, базар, дарыкана жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий