• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн Ош шаарындагы беш миң үй-бүлөгө азык-түлүк жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-майда, Ош шаарындагы 5 миң үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчалары таратылды. Ош шаарынын мэринин тапшырмасы менен азык-түлүктү бөлүштүрүү жана жеткирүү иштерин вице-мэрлер көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, жардамдар аз камсыз болгондорго, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана кырдаалга жараша муктаждыгы жаралган үй-бүлөлөргө тизме боюнча жеткирилүүдө.

Ош шаарында 2-майга карата жалпы 47 миң 875 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий