• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн Ош шаарынын айрым аймактарында электр энергиясы болбойт

Аймак 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-сентябрда Ош шаарынын айрым аймактарында электр энергиясы болбойт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, пландаштырылган оңдоо иштерине байланыштуу төмөндөгү аймактарда саат 8:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:

Ош шаарынын Ленин, Курманжан-Датка, Сулайманов, Бөрүбаев, Арзыкулов,Тилеке Баатыр, Мажүрүмтал, Монуев, Баялинов, Аматов, Супаналиев, Шамшиев, Нурматов, Алиев, Алымбеков, Жунусов, Карабаев, Пржевальский, Төлөнов, Бөкөнбаев, Пичугин, Луначарский, Фурманов, Космодемьянская, Гастелло, Волгоградский, Чкалов, Абдыкадыров, Моминов, Бекбалаев, Кокумбий, Мамыров, Каримов, Заднепровский, Асранкулов, Алиев, Өзгөн, Монуев, Новаи, Раззаков, Жим, Салиева көчөлөрү, Масалиев проспектиси, Кулатов кичи району.

«Ошэлектр» ААК убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий