• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн Ош шаарынын айрым аймактарында убактылуу электр жарыгы болбойт

Аймак 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрда, Ош шаарынын айрым аймактарында убактылуу электр жарыгы болбойт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү ремонт иштерине байланыштуу төмөндөгү аймактарда саат 8-00дөн 17-00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт: Ош шаарынын Масалиев, Шакиров, Жумабаев, Раззаков, Авиценна, Моторная, Артыков, Мирзаев, Юбилейный, Курчатов, Абдувалиев, Закиров, Ишматов, Латипжанов, Мушкетов, Набережная, Турсунбаев, Ашимахунов көчөлөрү, Аэропорт, Амир-Тимур кичи райондору, Тээке, Арипжан айылдары, Коргон участогу.

Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн «Ошэлектр» ААКу шаар тургундарынан кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий