• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн Ош шаарынын айрым аймактарында убактылуу жарык жок болот

Аймак 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 23-октябрда Ош шаарынын айрым аймактарында саат 09:00дөн кечки саат 17:00гө чейин убактылуу электр энергия берүү токтотулат. Маалыматка ылайык, 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу төмөндөгү даректерде жарык жок болот:

№8 “Ак-Буура” аймактык кеңешине караштуу Масалиев көчөсүндө, Өзгөн, Тилеке-Баатыр, П.Лумумба, Нурумбетов, Мажурум Тал көчөлөрүндө, А.Навои атындагы паркта, Ош шаардык салык кызматында, Россия Федерациясынын башкы консулунда, борбордук базарда, “Ынтымак” КРТРКсында жана Өзбек драма театрында.

№2 “Достук” жана №10 “Курманжан-Датка” аймактык кеңешине караштуу Ленин, Курманжан-Датка, Супаналиев, Грибоедов, Мичурин,Алымбеков, Ташкент, Лесхозная, Гренажный көчөлөрүндө убактылуу электр энергиясы өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий