• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүн Ошто “Рамазан – жан дүйнө майрамы” аталыштагы иш-чара өтөт

Аймак 0

Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 3-майда, Ош шаарында Ыйык Рамазан айынын алдында чоң масштабдагы “Рамазан – жан дүйнө майрамы” уникалдуу майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу UMMA ислам журналы билдирет.

Иш-чара Алымбек Датка атындагы сейил багында өтүп, коноктор театралдаштырылган оюн-зоокторго күбө болуп, туура тамактануу, Рамазан айы жөнүндө маалыматтарды алып, сынак, викториналарга катышып, баалуу белектерден утуп кете алышат.

“Мындай иш-чаралар түрдүү конфессия жана улуттар арасында диалог үчүн көпүрө болуп, достук мамилелерди чыңдоо, маданият алмашууга түрткү берет. “Рамазан – жан дүйнөнүн майрамы” журнал тарабынан Бишкекте 4 жылдан бери, Ошто 2 жылдан бери өткөрүлүп келет.

“Рамазан – жан дүйнө майрамы иш – чарасы өзүнө тынчтык, позитивдүүлүктү камтыган уникалдуу долбоор катары калың журт тарабынан жылуу кабыл алынууда”,-дейт “Умма” журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова.

Белгилей кетсек, иш-чара - акысыз, баардык каалоочуларга эшик ачык.

Пикир

Оставить комментарий