• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Ошто таза суу берүү 2 күнгө токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. «Ошшаарсууканал» ишканасынын күзгү-кышкы профилактикалык ремонттоо иштерине байланыштуу 2018-жылдын 23-октябрь күнү саат 24:00дөн баштап, 25-октябрь саат 24:00гө чейин Ош шаарынын «Курманжан -Датка», «Манас-Ата», «Туран» аймактык кеңештеринен, «Достук» кичи районунан жана «Калинин» массивинен башка аймактарына таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мындан улам, суу чарба башкармалыгы шаардыктарга ушул убакытка жете турган сууну камдап алууну эскертет.

Айта кетсек, Ош шаарында сыл сайын жаз, күз мезгилдеринде таза суу берүү токтотулуп, оңдоо иштери жүрүгүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий