• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн Оштун айрым аймактарында 8 саатка жарык өчөт (тизме)

Аймак 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 25-октябрда саат 09:00дөн кечки саат 17:00гө чейин Ош шаарынын айрым аймактарында 8 саатка жарык убактылуу өчүрүлөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өчүрүү иштери 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу болууда.

Ош шаарынын №2 “Достук” аймактык кеңешине караштуу Достук к/ш №83, К.Маркс, Жиннах көчөлөрүндө, А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо, Навои паркында.

№8 “Ак-Буура” аймактык кеңешине караштуу Ленинград, Мельницкий көчөлөрүндө электр жарыгы жок болот.

Пикир

Оставить комментарий