• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн Пакикстандан Кыргызстанга 100 жаран келет

Коом 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-июнь күнү Пакикстандан Кыргызстанга 100 жаран келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинен билдиришти.

“Бүгүн, 17-июнь күнү пакистандык авиакомпаниянын жардамы менен элчилике кайрылган 100 адам үчүн “Исламабад-Бишкек” багыты боюнча көптөн бери күтүлүп жаткан биринчи каттам уюштурулду. Учуп кеткен жарандардын арасында кыз-келиндер, балдар, окуучулар, улгайган жарандар жана башка мекендештерибиз бар”, - деп билдиришти элчиликтен.

Элчиликтен белгилешкендей 19-июнда дагы 100 кыргыз жараны үчүн “Лахор-Бишкек” багыты боюнча каттам уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий