• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн президенттикке талапкерлигин көрсөтүүнүн акыркы күнү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 31-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке 52 талапкерден арыз түштү. Бүгүн, 31-июль президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктайт.

Борборшайкомго КР Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары КР жараны 1960-жылы 10-мартта туулган, пенсинер Иманкулов Марат Мукановичтен арыз түшкөн.

30-июлга карата БШКга КРнын өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн 41 жаранынан арыз түшкөн: Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева, К.Мактымбаев,М.Кыдыралиева, К. Шайымбетов, М. Айманбаев, Э. Зарлыков, Т. Өмүралиев, А.Айтикеев, Т. Кожогулов, П. Кенжекулов, А. Мансуров, М. Иманкулов.

-10 саясий партиянын КР Президенти кызматына талапкерлигин көрсөтүү чечими: Т.Сариев – “Ак-Шумкар”, Б.Төрөбаев – “Өнүгүү-Прогресс”, Турсунбек Акун – “Адам укугу”, А.Мадумаров – “Бүтүн Кыргызстан”, С.Жээнбеков – “Кыргызстандын социал-демократтар партиясы”, А.Келдибеков жана К.Ташиев – “Патриоттук партиясы «Ата-Журт”, И.Масалиев – Кыргызстандын коммунисттер партиясы, Т.Асанбеков – “Мекен Ынтымагы”, Т. Акимов – “Чон казат”, К.Исаев- «Кыргызстан»).

Жалпысынан талапкерлердин 52ге жетти.

Белгилей кетсек, шайлоо 15-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий