• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүн президенттин инаугурациясына даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өтөт

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-январда жаңы шайланган Кыргызстандын президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, кечээ шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгып, президенттин инаугурациясына даярдык көрүү башталды.

Шайлдабекова төш белги жасоо маселеси талкууланарын белгиледи.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга добуш берүү өткөн.

Пикир

Оставить комментарий