• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бүгүн Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган кинофестиваль салтанаттуу ачылат

Маданият 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Бүгүн "Манас" кинотеатрында IX эл аралык КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн "Кыргызстан – кыска метраждуу кинолордун өлкөсү" кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Киноматографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Аталган кинофестиваль Кыргыз Республикасынын эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналып, салтанаттуу ачылышы бүгүн саат 12:00дө “Манас” кинотеатрында болот.

Фестиваль эки сынактык программаны камтыйт. Алар даректүү, анимациялык жана эксперементалдык жанрларды камтыган эл аралык жана улуттук кинолор болуп эсептелет.

Эл аралык программада бул жылы 14 кино, ал эми улуттук программада ата мекендик 18 кино. Кинолорду КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн белгилүү кинематографистеринин курамынан турган калыстар тобу баалайт.

Иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана “Айтыш” коомдук фондусунун колдоосу менен ушул жылдын 12-15-декабрына чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий