• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн түндө Бишкекте жылуулук өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. 11-мартта түнкүсүн Бишкек шаарында жылуулук өчүрүлөт. Тийиштүү документке Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү температуранын төмөндөшү болбойт жана кескин суук болушу күтүлбөйт.

Бекитилген критерийлерге ылайык, көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо атайын кызматтар жылуулукту өчүрөт.

Пикир

Оставить комментарий