• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн Таластын үч районунда катуу үн чыгаруучу аппараты бар унаа элди тартипке чакырды

Аймак 0


Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Бүгүн Таластын үч районунда катуу үн чыгаруучу аппараты бар унаа элди тартипке чакырды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Манас, Кара-Буура жана Талас райондорунда катуу үн чыгаруучу аппараты бар унаа менен жеригиликтүү тургундарга өзгөчө кырдаал режиминде коопсуздук эрежелери тууралуу маалыматтар берилди. Мындай иш-чара ӨКМ тарабынан өлкөнүн баардык аймактарында жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 16га (7 эркек, 9 аял) жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 5 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий