• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бүгүн “Тынчтыкты орнотуу үй-бүлөдөн башталат” деген темадагы вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 13.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-июнда саат 17:00дө Онлайн университетинин балдар жана ата-эне лабораториясы “Тынчтыкты орнотуу үй-бүлөдөн башталат” темасында вебинар өткөрөт. Бул тууралуу аталган вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинарда Аксана Исмаилбекова Кыргызстандын түштүгүндө аялдар Ош окуясынан кийин тынчтык курууга кандайча салым кошуп жаткандыгы туурасында айтып берет.

"Жалпысынан караганда Борбордук Азияда жана айрыкча Кыргызстанда тынчтыкты орнотуу боюнча бир топ изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бирок ал эмгектерде эркектердин мамлекеттик же эл аралык масштабда тынчтыкты орнотууда ойногон ролуна көңүл бурулат жана аялдардын салымы көз жаздымда калып келет", - деп айтылат маалыматта.

Аксана Исмаилбекованын макаласы 2016-жылы жүргүзүлгөн этнографиялык изилдөөлөрдүн негизинде, Ош шаарындагы жаңжалдан кийинки тынчтыкты курууда аялдардын ролу кандай болгонун чагылдырат. Аялдардын тынчтыкты куруудагы ролу аябай чоң болсо дагы, адабий булактарда, изилдөөдө аялдардын "көрүнбөгөн" жана угулбаган үндөрүн коомго жеткирүү аракети жасалат.

Вебинардын спикери Аксана Исмаилбекова Лейбниц Чыгыш таануу борборунун илимий изилдөөчүсү, Берлиндеги Мартин Лютер университетинде антропология тармагында сабак берет. Антропология илимдеринин докторлук наамын 2012-жылы Макс Планк институтунда алган. Социалдык изилдөө боюнча PhD даражасын 2006-жылы Улуу Британиядагы Эдинбург университетинен жактаган.

Пикир

Оставить комментарий