• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бүгүн U23 Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы килемге чыгат

Спорт 0

Бишкек, 03.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы бүгүн, 3-ноябрда Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күчүн сынай баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта алгач Эквадордон келген Генесис Вальдес менен күчүн сынайт.

Кыргызстандан атынан кыз-келиндер күрөшү боюнча эки спортчу аттанган. Экинчи балбан Назира Марсбек кызы (57 кг) эртең килем үстүнө чыгат.

Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы коло медаль багындырган.

Пикир

Оставить комментарий