• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн “Укук кербени” Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарын кыдырат

Коом 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Акыйкатчы институту тарабынан демилгеленген “Укук кербени” долбоору ишке ашып жатканына бешинчи күн болду. Бул тууралуу аталган институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-октябрда, акыйкатчынын өкүлдөрү алыскы аймактарды кыдырышат. Акыйкатчысынын орун басары Гүлнара Жамгырчиеванын жетекчилигиндеги топ Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жергиликтүү эл менен жолугушат. Ал эми дагы бир топ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун жергиликтүү калкы менен жолугушат.

Талас облусунун Манас районундагы психо-неврологиялык мекеменин ишине жана Бакай-Атадагы жабык мекемелерге мониторинг жүргүзүлөт.

Эске салсак, “Укук кербени” долбоорун ишке ашыруу Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү. 2-фаза” программасынын колдоосунда жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий