• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бүгүн унаа, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү - МСК

Экономика 0

Бишкек, 04.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 4-сентябрда унаа, турак жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Буга байланыштуу, салык кызматы унаа, турак жай, батир жана жер салыктарын төлөөгө жетишпей калган жарандарды бүгүн кечкиге чейин салыктардын эсептелген суммасын төлөөгө чакырат.

Салыктарды айрым банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндөгү административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелмекчи.

Кеңири маалыматты 194 телефон номуру же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий