• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна 11 кайрылуу түштү - Шайназаров

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 10-январда ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна 11 кайрылуу түштү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, кайрылуулар шайлоо тилкелериндеги техникалык бузуулар боюнча болгон. Кемчиликтердин баары жоюлду.

Шайназаров буга чейин ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна 61 кайрылуу түшкөнүн айткан.

"Алардын ичинен 13ү добуш сатып алуу, экөө массалык түрдө элди ташуу, жетөө үгүт иштеринде мыйзам бузуу, экөө шайлоочулардын укуктарына тоскоолдук кылуу, экөө ээнбаштык, 17си админресурсту колдонуу жана 12 фактысы башка мыйзам бузуулар болгон", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий