• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Ысык-Көлгө Москвадан алгачкы каттам учуп келди

Коом 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн, 2021-жылдын 15-июлунда «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Тамчы-Москва жаңы каттамын салтанаттуу түрдө тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Москвадан Д.Лихачев атындагы Airbus A320 учагы менен 79 жүргүнчү учуп келди. Адаттагыдай учакты «триумф аркасы» – суу аркасы менен тосуп алышты.

«Биз бул Москва-Тамчы-Москва маршруттук каттамын 3 жыл мурда ачууну пландаганбыз. Бүгүн ал ишке ашканына кубанычтабыз. Каттам жумасына 3 ирет - дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы», - деди «Аэрофлот – россиялык аба жолдору» ААК өкүлү Валерий Серых.

«Ысык-Көл» аэропортунун башчысы Алмаз Абдрахманов бул каттамдын компания жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундары менен коноктору үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул каттамдын ачылуусу тууралуу көптөн бери сүйлөшүүлөр жүрүп келген. Эки тараптын бирдиктүү аракети жана макулдашуусу менен ушул жылдын июль айына белгиленген», – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий