• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн Жалал-Абад облусунун түзүлгөнүнө 30 жыл толду

Аймак 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунун түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад 1990-жылдын 14-декабрында өз алдынча облус болуп негизделген. Азыркы учурда калкынын саны 1 миллион 190 миң 579 түзөт.

Түндүгүнөн Талас, Чүй, чыгышынан Нарын, түштүгүнөн Ош облустары, түштүк батышынан Өзбекстан менен чектешет. Облуста административдик аймактык жаткан 8 район, 68 айыл аймак, 4 райондук маанидеги шаар жана 442 айыл бар.

Жалпы аянты 33,7 миң чарчы км (Кыргызстандын аянтынын 16,9 пайызын) түзөт. Облустун аймагы аркылуу Бишкек-Жалал-Абад-Ош автоунаа жолу өтөт. Борбору Жалал-Абад шаары.

Пикир

Оставить комментарий