• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчөт

Аймак 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-октябрь күнү оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин шаардын Абдрахманов, №16,18, Ленин №176,178,180,182, Сузакский, Ивасишина, Авиационный, Московский, Курманбек көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт.

Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий