• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн жана эртең Бишкекте коомдук унаалар ишин токтотпойт – штаб

Коом 0

Бишкек, 20.06.20. /Кабар/. Бүгүн жана эртең Бишкекте коомдук унаалар ишин токтотпойт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Эскерте кетсек, бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөт башчы Кубатбек Боронов жакындан тарта Бишкекте дем алыш күндөрү – ишемби күнү түштөн кийин жана жекшемби күнү коомдук унаалар иштебей турганын билдирген.

Штабдан белгилешкендей, коомдук унаалардын ишин келерки аптанын дем алыш күндөрүнөн тарта токтотуу пландалууда.

Штаб жарандарды гигиена эрежелерин, ортодогу аралыкты сактоого жана коомдук жайларда беткап тагынууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий