• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн жана эртеңки күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-декабрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, күндүзү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт.

"Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт" , - деп айтылат маалыматта.

27-28-декабрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -1…-6° суук болушу, 28-декабрда түнкүсүн жана 29-декабрда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -6…-11°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Эскерте кетсек, мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий