• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүн жана эртең Оштун айрым райондорунда жарык өчүрүлөт (тизме)

Аймак 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Ош шаарынын айрым аймактарында 15-16-май күндөрү 09:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт,-деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Ага ылайык төмөнкү даректерге жарык жок болот;

15-май

-№8 “Ак-Буура” аймактык кеңешине караштуу Столичный, А.Шакиров 269, 269а, Жумабаев, Салык инспекциясы, Каржы полициясы, Шевченко мектеби, Депутат, Мехнат, Увамский , Зеленый, Москва, Абдуллаев, Заречной, Жалал-Абад, Баратов, Ленинград, Мадумаров, Ак алтын, Демократ, Памир көчөлөрүндө

-№10 “Курманжан Датка” жана “Достук” аймактык кеңештерине караштуу Фрунзе кичирайонунун базары, ШКТ району, А.Шакиров 8, 9, 11, шаардык ӨКМ, Касымалиев, Панфилов, Некрасов, Спортивный, 1, 1а, Ленин, Алиев, Чапаев, К.Датка, Вишневый, Ташкент кең көчөлөрүндө.

-№3 “Сулайман-Тоо” аймактык кеңешине караштуу “Мээрим” балдар бакчасында, Ленин мектебинде, облустук китепканада, автотрест, А.Навои, К.Датка, Алебастров, Жупас, Новый, Тельман, Парижская Комунна, Давыдов, 1-май, Токтогул, Умурзаков, Богданов, Нематов, кол өнөрчүлөр көчөсүндө.

16-май

-Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Фуркат, Таштак айылдарында, Маруфий, Бабур, Бакин, Кош-Таш көчөлөрүндө свет өчөт.

Пикир

Оставить комментарий