• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт.

Аталган мыйзам долбоордун демилгечилери - Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, алар шайлоо мыйзамына негизги үч өзгөртүүнү киргизүүнү сунуштап жатышат. Негизинен шайлоо босогосун 7%дан 3%га, шайлоо күрөөсүн 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүү жана №2 форманы (шайлоо дарегин алмаштыруу) алып салуу сунушталууда.

Ошондой эле азыркы мыйзамдар боюнча шайлоого катышкан партия шайлоочулардын 5%ынын добушун алган учурда шайлоо күрөөсү кайтарылып берсе, эми алардын мыйзам долбоору боюнча шайлоо күрөөсүн шайлоочулардын 1%ынын добушун алган партияларга кайтарып берүү сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Алтынбек Сулаймановдун айтымында, учурда аталган мыйзам долбоору боюнча фракциялар өз чечимдерин чыгарып беришти.

“Фракциялар чечимдерин чыгарып беришти. Башында талаш-тартыш болуп жаткан, азыр бир чечимге келдик. Азыр баары колдоп беребиз деп турушат. Өзүнүн пикирлери барлар жок эмес, каршылар бар. Бирок алардын саны аз”, - деди ал.

Анын пикири боюнча шайлоо босогосу 3%га түшүрүлсө Жогорку Кеңешке 8-10 партия өтүп калышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий