• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында күрөшө баштайт

Спорт 0

Бишкек, 08.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында күрөшө баштайт. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынайт. Ал алгач белорустук Максим Кажарскиге каршы килем үстүнө чыгат.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий