• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүндөн баштап Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат

Аймак 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннель 6-8-июль аралыгында транспорт каражаттары үчүн маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чектөө күйүп кеткен электр кабелин алмаштыруу боюнча жумуштарга байланыштуу.

Эскерте кетсек, кечээ, 5-июлда саат 15:50 чамасында К.Көлбаев атындагы тоннелден өтүп бараткан "Лексус-470" унаасы өрттөнүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен тоннелдин ичинде электр жарыгы өчүп, тоннель аркылуу өтүү убактылуу токтотулган.

“Өрттөнгөн унаа чыгарылгандан кийин унаалардын өтүшү үчүн тоннель ачылган. Бирок электр кабелин алмаштырууга байланыштуу унаалар үчүн жол маал-маалым менен жабылып турат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий