• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бүгүндөн тарта Бишкекте батут, велосипедди ижарага берүү жана башаламан соода кылууга тыюу салынды

Коом 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Бүгүндөн тарта Бишкекте санитардык коопсуздукту сактоо максатында балдар батуттары, велосипедди ижарага берүү жана башаламан соода кылууга тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка борбор калаанын вице-мэри, Жарандык коргонуу комиссиясынын төрагасы Азиз Алымкулов кол койгон.

"Ыйгарым укуктуу органдын атайын буйругунун негизинде жана борбордогу эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырышынан кийин ишкерлер ишин жандандырууга мүмкүнчүлүк алышат. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө төрт райондун акимдерине жүктөлгөн. Алар эми Бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча эреже бузгандарды жоопкерчиликке тартышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий