• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүндөн тарта Бишкектеги 4 мектеп карантинге жабылды

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинен тарта Бишкектеги 4 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада коронавирус жалпы 29 окуучудан жана 22 мугалимден табылган.

“Ооругандар көбөйүп жатат. Карантинге кеткен 4 мектеп 3-майга чейин жабылды. Эгер окуу жайда 2ден ашык кызматкерден илдет табылса, анда карантинге жабылат”, - дейт ал.

Иманалиева апрель айынан бери 7 мектеп онлайн режимине кайтканын белгиледи.

“21-апрелде №13 мектеп, 22-апрелде эки мектеп, 24-апрелде бир жана 26-апрелде калган мектептер ачылат”, - деп билдирди Иманалиева.

Пикир

Оставить комментарий