• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бүгүндөн тарта Казакстандын 6 шаары карантинге жабылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Бүгүн 30-марттын түнкү саат 00:00дөн баштап Казакстандын 6 шаары карантинге жабылды. Алар Атырау, Караганда, Темиртау, Шахтинск, Сарань жана Абай болгонун Tengrinews.kz. сайты жазат.

Алты шаардын тургундарына эшикке чыгууга чектөө киргизилди. Бир гана азык-түлүк, дары-дармек алууга, банк кызматын колдонууга жана жумушка барууга уруксат.

Ал эми Атырау жана Караганда облусундагы шаарларда жашаган кары-картаңдарга (65 жаштан жогору) үйдөн обочолонуу сунушталат. Ошондой эле 30-марттан тарта аталган шаарларда элди чогулта турган жерлер, бала бакчалар жана башка жерлер жабылды. Ресторан жана кафелерде үйгө тамак-аш жеткирүү кызматы гана иштейт. Актауда 30-мартта өзгөчө режими киргизилди. Ал жакта саат 19:00дөн 08:00гө чейин жарандардын көчөдө жүрүүсүнө чектөө коюлду.

Эскерте кетсек, Казакстанда коронавирусту жуктуруп алган 284 учур катталды.

Пикир

Оставить комментарий