• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүндөн тарта коронавирусту аныктай турган анализдер Нарындын өзүндө жүргүзүлөт - Ибраева

Аймак 0


Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Бүгүндөн тарта коронавирусту аныктай турган анализдер Нарындын өзүндө жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Анын айтымында буга чейин анализдер Бишкекке жиберилип турчу.

"Анализдер шаарга барганча илдетти жуктуруп алгандардын саны өсүп кетип жаткандан улам облустун жетекчилиги министрликке бир нече ирет кайрылган. Анын жардамы менен көчмө лаборатория Нарынга келди. Аны менен бирге Бишкектен адистер да келди. Бүгүндөн баштап анализдер өзүбүздө чыга баштайт. Алгач 33 адамдын анализи алынды, жыйынтыгы жакын арады чыгат", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 631ге жетет. Алардын ичинен 302 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий