• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүндөн тарта Кыргызстандын жарандарына Өзбекстанга кирүүгө чектөө коюлду

Коом 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-октябрда саат 00:00дөн баштап Өзбекстан Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөнүн жарандары үчүн өз өлкөсүнө кирүүгө чектөө киргизди. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, саат 15:00гө карата мамлекеттик чек арада абал туруктуу.

"Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын жарандары өлкөдөн чыга алышат. Ошондой эле Кыргызстандын аймагындагы өзбектер Өзбекстанга кире алышат. Жүк ташып өтүүлөргө эч кандай чектөөлөр жок", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик чек ара кызматы 24-сентябрдан баштап мамлекеттик чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өткөн.

Пикир

Оставить комментарий