• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Бүгүндөн тарта Талас облусуна кирип-чыгууга тыюу салынды

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Бүгүндөн тарта Талас облусуна кирип-чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин айтымында, Талас районунун Талдыбулак айылына орнотулган пост жабылды. Облуска сырттан бир гана Талас облусунда жашаган жарандар текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин гана киргизилет.

Ыйгарым укуктуу өкүл мындай чечим коронавирусту алдын алуу жана элдин суроо-талабын аткаруу, ошондой эле телеграм каналынан атайын топ түзүп, Бишкек шаарына каттап жаткан айдоочуларынын иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында кабыл алынганын айтты.

Облус башчысы бул чектөөлөр азык-түлүк, гуманитардык жардам алып келе жаткандарга тиешеси жок экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий