• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүндөн тарта Тажикстанда мечиттер кайра иштеп баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 20-марттан тарта Тажикстанда коронавируска карата көрүлгөн чараларга байланыштуу жабылган мечиттер кайра иштеп баштайт. Бул тууралуу Тажикстандын телеграф агенттиги жазат.

"20-марттан тарта Тажикстандагы бардык мечиттер намаз кылуу үчүн ачылат. Жума намаздарга уруксат берилет", - деп билдирген Тажикстандын дин иштери боюнча комитетинин басма сөз катчысы Афшин Муким.

Агенттик жазгандай, аталган комитет жамаат менен намаз кылуу учурунда инфекциялык оорулардын, анын ичинде коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн жарандарды сактык чараларын аткарууга чакырат.

Эскерте кетсек, коронавируска карата көрүлгөн чараларга байланыштуу Тажикстанда бардык мечиттер 4-мартта жабылган.

Пикир

Оставить комментарий