• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүндөн тарта жабылган посттордогу өздүк курам чыгарыла баштады — Ташиев

Коом 0

Бишкек, 26.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүндөн тарта түзүлгөн протоколдун негизинде жабылган посттордогу өздүк курам чыгарыла баштады. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Тамчыбек Ташиев билдирди.

“Бүгүн же эртең кечке чейин посттордогу өздүк курам чыгарылып бүтөт”, - дейт ал.

Ташиев ошондой эле чек арага жакын аймактардан аскер техникалар туруктуу жайгашкан жерлерине тартыларын маалымдады.

“Чек арада чек арачылар колдонгон куралдар гана калышы керек. Биргеликте түзүлгөн комиссия бар, алар муну текшерип турат”, - деди УКМКнын төрагасы.

Эскерте кетсек, 25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын делегациясынын жолугушуусунда протоколго кол коюлган.

Ага ылайык,

-"Тамдык" (Кыргызстан) — "Бедак" заставасы (Тажикстан);

-"Булак-Башы" (Кыргызстан) — "Кех" посту (Тажикстан);

-"Катта-Туз" (Кыргызстан) — "Каракчикум" посту (Тажикстан);

-Чайхан жериндеги "Ак-Сай" (Кыргызстан) — Ходжай-Аъло жеринде "Шаршара" посту (Тажикстан) кыргыз-тажик чек ара маселеси толук чечилгенге чейин убактылуу жабылган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтаруу мобилдик чек ара күзөттөрү тарабынан ишке ашырылат, алар чек араны так белгиленген жана макулдашылган каттамдар боюнча жүрүшөт.

Ошондой эле бул аймактарда калктын жайгашуусуна уруксат берилбейт жана чарбалык иш жүргүзүлбөйт. Керектүү жерлерде видеобайкоо камералары орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий