• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүндөн тартып Оштогу шайлоо тилкелерине милиция кызматкерлери бөлүштүрүлө баштады

Аймак 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-октябрдан тартып Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шаардагы шайлоо тилкелерине бөлүштүрүлө баштады. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, милиция кызматкерлери бөлүнгөн аймактарындагы коомдук тартипке көз салышып, шайлоо бюллетендерин кайтарууга алышат.

Милиция кызматкерлери кызматка чыгаар алдында жетекчилик тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилип, укуктары жана милдеттери тууралуу кошумча маалыматтар айтылды. Милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп, ага кошумча санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо тилкелериндеги коопсуздук эрежелерин сактоону дагы эскертишип турушмакчы.

Башкармалыктын финансы, чарба бөлүмү тарабынан бардык кызматкерлерге кошумча антисептикалык коргонуучу каражаттар дагы тапшырылды.

Ош ШИИБнын начальниги, милициянын полковниги М. Боронов кызматкерлерден бул шайлоо өнөктүгү учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча өз милдеттерин мыйзам чегинде так, убагында аткарып, шайлоочуларга сылык мамиле жасоону тапшырды.

Ошол эле мезгилде мыйзамсыз аракеттерге тез арада бөгөт коюп, алдын алуу иштерин жүргүзүүнү эскертти.

Пикир

Оставить комментарий