• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүнкү ийгилигиңиздер – мекендин эртеңки келечеги. Төрага Мамытов агартуучуларды куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 5-октябрда, Кыргыз Республикасынын мугалимдерин жана билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө төраганын куттуктоосу:

Ардактуу агартуучулар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Келечек муундун өкүлдөрүн ажайып илим дүйнөсүнө жетелеп, алардын жеткиликтүү билим, татыктуу тарбия алуусуна камкордук көрүү мугалимдердин асыл милдети. Анткени, «Мыкты билим – улуу күч!» дегендей, билимдүү жаштар – элибиздин эң башкы байлыгы. Кыргызстандын бакубат келечеги да билимдүү жаштарга көз каранды. Айрыкча азыркы ааламдашуу доорунда да адамзат болочогун илим менен билимсиз элестетүү эч мүмкүн эмес.

Бул жаатта коюлган максаттарды ишке ашырууда билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин, мугалимдеринин жигердүү аракети, жемиштүү ишмердүүлүгү өтө зарыл. Себеби, демилгелүү, чыгармачыл, өз кесибин сүйгөн агартуучу гана мамлекеттин келечегине керектүү жарандарды, адистерди тарбиялай алат. Андыктан, ары жоопкерчиликтүү, ары сыймыктуу "мугалим" деген ардактуу кесиптин ээси болгон агартуучулардын иши өтө баалуу.

Ал эми Жогорку Кеңеш билим берүү тармагынын келечеги үчүн кам көрүүнү башкы максаты катары билет. Дайыма агартуучулардын жаркын жашоосун камсыздоого багытталган мыйзам долбоорлорун даярдоо менен алардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Акыркы жылдары жаңы мектеп имараттары салынып, жылдан-жылга бала бакчалардын да саны көбөйүүдө. Албетте бул чек эмес. Мамлекетибиздин келечеги билим-илимдүү жаштардын колунда болгондуктан, мындан ары да жаңы окуу имараттарынын санын көбөйтүү аркылуу аларды заманбап окуу куралдары менен жабдуу иши тынымсыз улантылат.

Урматтуу мугалимдер!

Сиздердин бүгүнкү ийгилигиңиздер – мекендин эртеңки келечеги. Андыктан кылган эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, аман болуңуздар! Узак өмүр, бекем ден-соолук каалайм!".

Пикир

Оставить комментарий