• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүнкү күнү күз-кыш мезгилине карата Бишкек ЖЭБине 200,5 миң тонна көмүр алынды - Боронов

Коом 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнү күз-кыш мезгилине карата Бишкек ЖЭБине 200,5 миң тонна көмүр алынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал билдиргендей, күз-кыш мезгилине дяардыктар графикке алайык жүргүзүлүп жатат.

"Былтыркы жылга караганда быйыл Бишкек жылуулук борбору үчүн көмүрдү эрте даярдаганга жетиштик. Мисалы, былтыр 1-сентябрга карата ал жакта 35 миң тонна көмүр болгон болсо, учурда 200,5 миң тонна көмүр даярдалды. Жылуулук мезгили үчүн Бишкек ЖЭБине 235 миң тонна көмүр керектелет. Сентябрь айынын аягы, октябрь айынын башына карата көмүр толук даярдалат. Ал эми Ош шаарындагы жылуулук борбору тууралуу айтсак, ал мазут менен жылытылат. План боюнча 20 миң тонна мазут алуу керек болсо, учурда ал 20 тонна мазут алынып даярдалды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий