• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда COVID-19 боюнча кырдаал туруктуу – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда COVID-19 боюнча кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда коронавирус боюнча узак мөөнөткө божомол айтуу кыйын. Коронавирус менен ооруган киши канча адамга оору жуктуруп жатат деген ыкма боюнча караганда Кыргызстан бир адам бир адамга жуктурат деген көрсөткүчкө келди.

“Азыр бирге бир болуп жатат. Ал кырдаалдын турукташканын билдирет. Мындай абал 2 жума сакталат”, - деди ал.

Ал билдиргендей, 20-ноябрдан кийин респиратордук инфекциялар, пневмония менен ооругандардын саны өсүшү мүмкүн. Себеби бул жылда болуучу көрүнүш.

Пикир

Оставить комментарий