• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бүгүнкү күнү жасалма дем алдыруучу аппараттарына кычкылтек концентраторуна болгондой таңкыстык жок − Боронов

Коом 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнү жасалма дем алдыруучу аппараттарына кычкылтек концентраторуна болгондой таңкыстык жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

“Учурда өлкө боюнча 572 жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү жасалма дем алдыруучу аппараттарына кычкылтек концентраторуна болгондой таңкыстык жок. Азыркы күндө жетиштүү. Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү норма боюнча республиканы толук камтыш үчүн 220 жасалма дем алдыруучу аппарат жетишсиз деп эсептеп берген. Учурда аны сатып алуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий