Бүгүнкү күндө 1 миң 459 жаран обсервацияда жатат - биринчи вице-премьер

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө 1 миң 459 жаран обсервацияда жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгондор обсервацияга киргизилген.

"Обсервацияда жаткандардын ичинен Бишкекте 401, Чүйдө, 115, Ош шаарында 125, Ош облусунда 231, Жалал-Абадда 79, Баткенде 199, Нарында 108, Таласта 146, Ысык-Көлдө 55 адам жатат. Жалпы ооругандар менен 1 миң 954 адам байланышта болгон. Алардын 1 миң 528и жакын байланышта болгон үй-бүлө мүчөлөрү жана кошуналар", - дейт ал.

30-мартка карата Кыргызстанда 94 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды.

Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда - 49, Ош облусунда - 33, Бишкек шаарында - 7 , Чүй облусунда - 3, Баткен облусунда - 1, Нарын облусунда - 1 учур. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.

Пикир

Оставить комментарий