• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүнкү күндө 160дан ашык ооруканада 488 миң беткап бар – Чолпонбаев

Ден соолук 0

Бишкек, 28.02.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүнкү күндө 160дан ашык ооруканада 488 миң беткап бар. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтуусунда, ооруканада атайын коргоочу кийим-кеченин саны 300дөн ашык жана респиратордук беткаптын саны 44 миңден ашат.

"Учурда беткап боюнча маселе бар. Коронавирус пайда болгондон бери беткаптарды чет жактан алып келебиз. Анткени Кыргызстанда өндүрүлбөйт. Коронавирус боюнча ар кандай маалыматтар чыкканда эл дүрбөлөңгө кабылып, көп сандагы беткаптарды сатып алган. Бирок, көпчүлүк дарыканаларда беткаптар бар", - дейт министр.

Пикир

Оставить комментарий