• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүнкү күндө 250 миңге жакын адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө 250 миңге жакын адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, калктын социалдык аярлуу катмарын эске алганда, эмдөөдөн өткөрүлө турган тобокел тобундагы адамдардын жалпы саны 900 миң адамды түзөт.

"Бүгүнкү күндө жалпы сандын ичинен 250 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү. Алар пландаштырылган контингенттин 28%ын түзөт”, - деди Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, республиканын бардык ҮМБларында (ҮБДТ, ФАП) тобокел тобуна кирген адамдарга, ошондой эле социалдык аярлуу топко кирген (өнөкөт оорулары барлар, көп ооруган балдар, 65 жаштан жогору адамдар, кары үйлөрүнүн жашоочулары, кош бойлуу аялдар, медициналык кызматкерлер, мектеп-интернатында, балдар үйүндө тарбияланган балдар) адамдарга сасык тумоого каршы акысыз вакцинация жасалууда.

Пикир

Оставить комментарий